Башкы бетке Илим Дүйнө чемпионаты: Балбан Абдымалик Карачев күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионаты: Балбан Абдымалик Карачев күмүш медалга ээ болду

0
513

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык балбанды 9:4 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

Кыргыз балбаны 1/4 финалдык беттеште американын балбанын 1:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык спортчуну 4:3 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.

Мурунку макалаДүйнө чемпионаты: Балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду
Кийинки макалаБишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз