Башкы бетке Илим Дүйнө чемпионаты: Балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионаты: Балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

0
500

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште япониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Мурунку макалаПрезидент кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады
Кийинки макалаДүйнө чемпионаты: Балбан Абдымалик Карачев күмүш медалга ээ болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз