Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

0
477

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерин маараке менен куттуктап, алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилгендиги мамлекеттик аппараттын туруктуу жана натыйжалуу ишинин ачкычы экенин белгиледи. Президенттин Иш башкармалыгы мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошуп, алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чече берерине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы президенттин Иш башкармалыгынын жана ведомствого караштуу мекемелердин бир катар кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Ардак грамота жана Ыраазычылык барактарын тапшырды.

Мурунку макалаБекзат Алмаз уулу Олимпиада оюндарын жеңиш менен баштады
Кийинки макалаАкча алмаштыруу жайына айып салынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз