7-октябрда Ноокаттагы медреселердин биринде каргашалуу окуя болуп, бычакталган 14 жаштагы өспүрүм жарык дүйнө менен кош айтышып, анын өлүмүнө шектүү катары ошол медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камалып, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек баланын өлүмүнүн себептерин териштирүү максатында атайын комиссия иштеп жатат.
Медреседеги окуу журналдарында, каттоо журналдарында 14 жашар өспүрүмдүн окууга катталганы жөнүндө маалыматтар чыккан эмес. Андагы дин кызматкерлери өлтүрүлгөн баланы үч күн мурда дем салдырганы таштап кеткен деп маалымат беришкен. Бирок, каза болгон бала быйыл мектептен чыгып, 9-классты сырттан окууну чечкен деген маалымат бар, ошондой эле жашы жете элек баланы диний окуу жайына тарткан деген негиз менен медресеге айып салынганы айтылууда. Кыскасы, медресенин ишмердигинде бүдөмүк жагдайлар, жоопторго караганда, суроолор көп экени көз көрүнөө.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, өлкө аймагында 4 144 диний уюм катталган. Анын ичинен 3743ү ислам багытында. Мунун 3 436сы мечит, 51и диний кайрымдуулук уюмдар. Ошондой эле облустарда казыяттар, 14 диний окуу жайы катталган. Буга университеттер, колледжер кирет. Алардан тышкары 100дөн ашуун медресе бар. Бул диний окуу жайларында жылына 5-6 миңдин тегерегинде балдар-кыздар окутулат.
2017-жылы республика аймагында 107 гана медресе болгон. Андан бери 7 жылга жетпеген убакыттын аралыгында алардын катарына 23 медресе кошулган. Учурда расмий катталган 130 медресенин 34ү кыздар медреселери. Кыздар медреселеринде негизинен Куран жатташат. Сүрөөлөрдүн маанисин түшүндүрүү үчүн кошумча сабактар өтүлөт. Сүрөөлөрдүн мааниси тафсир илими аркылуу окутулат.
Кыргызстандагы медреселерди окутуунун усулуна карай эки түргө бөлсө болот. Медреселердин бир жаатында Куран жат-тоого өзгөчө басым жасаса, башкаларында кесиптик багыттагы билим берет.
Албетте, жаш муундардын эртелеп диний билим алганына эч кимдин каршылыгы жок деңизчи. Анын үстүнө ата-энелер өздөрү макулдугун берип, медреселерден окутуп жаткан соң, алар деле балдарынын келечегин ойлоп жатабы деп да ойлойсуң. Ошентсе да, медреселерди бүткөн балдар-кыздар кандай кесиптин ээси болушат, эмне иште иштешет деген да суроолор жаралбайт койбойт. Медреселерде билим берүүнүн сапаты кандай деген маселе да олуттуу суроолордун бири.
Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун дин темасы өтө аялуу маселе. Буга өтө аяр мамиле жасабаса болбойт. Бирок, көп учурларда дин кызматкерлери жана ашкере динчилдер динди илимге каршы койгон учурларды да байкоого болот.
Ал эми өнүккөн ислам өлкөлөрүн алсак, ошол эле Сауд Аравиясында, Бириккен Араб Эмираттарында шейхтер жана колунда бар бардар адамдар балдарын алгач өз өлкөсүндөгү мартабалуу мектептерден окутуп, анан дүйнөнүн эң алдыңкы жогорку окуу жайларынан окутууга басым жасашат. Алар балдарын медреселерде эмес, Оксфорд, Кембридж сыяктуу элиталык окуу жайларында окутушат. БАЭде American InterContinental Universityнин филиалы иштейт. Андан башка да элиталык билим берүү мекемелери аз эмес.
Демек, мунун өзү медресе менен мектепти бири-бирине карама-каршы коюунун зарылдыгы жоктугун тастыктап турат. Анткени, өлкөнү өнүктүрүүнүн бир гана жолу бар. Бул дүйнөлүк билим интеграциясына умтулуу жана өсүп келаткан муунга татыктуу билим берүү. Айрыкча өнүгүүнүн азыркы шартында жаштарыбыз экономика, банк, финансы тармагында эл аралык билимге ээ болмоюн, баары бир аксап кала беришет.
Цивилизациялуу диний билим, албетте, керек. Бирок, аны менен гана алдыга озо албайбыз. А биз болсо, өз казаныбызда кайнап, көп учурда салт менен динди айкалыштыра албай, бирин бирине каршы коюп алган учурлар, өз бутубузга өзүбүз чалынган жагдайлар кездешет. Жадагалса, кийген кийимибиз да талаш-тартыштын объектисине айланган учурларды көрүп, аргасыз бармагыңды тиштейсиң.
Айрым конфликт таануучулар айткандай, ишеним, ишенимдердин конфликти өтө кооптуу экени жашырын эмес. Кандай болгондо да, биз талаш-тартыштарга чекит коюп алдыга жылышыбыз керек, дүйнө кийим талаш-тартыш объектисине айланган деңгээлден капкачан өтүп кеткен.
Жыл санап медреселердин саны өсүп, андан жыл сайын 5-6 миңдей жаш муун өкүлдөрү билим-тарбия алып жаткан соң, биз аларга да далыбызды салбай, бул диний билим берүү мекемелеринде эмнени окутуп жатат, билим берүүнүн сапаты кандай болууда, медреселерди бүтүп чыккан балдар-кыздар кийин кайда окушат, келечекте алар эмне жумуш кылышат деген суроолорду алдыбызга коюп, жаштардын келечеги тууралуу ойлонушубуз абзел жана бул мамлекеттик билим берүү саясатынын ажырагыс бир бөлүгү болууга тийиш. Биз мына ошондо гана диний интеллигенцияны калыптандыра алабыз. Ал эми улуттук диний интеллигенция азырынча калыптана элек.


