Башкы бетке Рубрикасы жок Манас соода-логистикалык шаарынын курулушу башталды

Манас соода-логистикалык шаарынын курулушу башталды

0
525

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык курулуш долбоорун ишке ашыруунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь да катышты.

Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат.

“Бүгүн биз абдан маанилүү окуянын – өлкөбүздүн экономикалык келечеги үчүн олуттуу кадамдын күбөсү болуудабыз. Бул шаарда 30 миң соода точкасы болот. Бул шаар 700 гектар жерге жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 млрд доллар каражат сарпталат. Биринчи этаптагы сарпталуучу каражат 700 млн доллар. Башкача айтканда бул логистикалык борборду ири  деңиз порту менен салыштырууга болот”, — МинКаб Төрагасы.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров бир катар америкалык компания жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту
Кийинки макалаАта-энесин бакпай койгондорду жазалоо боюнча мыйзам үчүнчү окуудан кабыл алынды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз