Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров Бишкектин көчөлөрүн кеңейтүү иштерин менен таанышты

А.Жапаров Бишкектин көчөлөрүн кеңейтүү иштерин менен таанышты

0
1269

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле, мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров “Менин ден соолугум-менин укугум” иш-чарасына катышты
Кийинки макалаМуфтийдин орун басарлыгына Жолдошбек Абдылдаев дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз