Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абадда 150 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абадда 150 орундуу бала бакча ачылды

0
1803
default

Жалал-Абад шаарынын Исакулов көчөсүндө жайгашкан №23 «Билимтай» балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бакчанын ачылуу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

«Билимтай» балдар бакчасы 2 кабаттан туруп, 150 орунга ылайыкташкан. Мында балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган.

Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалган. Бул каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен бөлүнгөн.

Мурунку макала“Кызамыкка каршы эмдөөнү мындан ары 1 жана 2 жашында ала башташат”
Кийинки макалаДин – дилибизде, а биз кайда баратабыз?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз