Башкы бетке Дүйнө Ирандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы өттү

Ирандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы өттү

0
1781

Ирандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы өттү. 

Иш-чарага 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү, ирандык саясий жана аскер ишмерлери конок катары катышты.

Маалыматтарга караганда, 69 жаштагы өлкө башчысы жогорку билими боюнча кардиохирург. Буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган. Парламентке депутат да болуп шайланган.

Расмий түрдө ишке киришкен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 15 күндүн ичинде парламентке өкмөттүн жаңы курамын сунушташы керек.

Аткаруу бийлигинин жаңы башчысы өлкөдө өткөрүлгөн шайлоонун 5-июлдагы экинчи турунун жыйынтыгы менен шайланды. Анда 30 млн. шайлоочунун 16,3 млн. добушун Масуд Пезешкиан алса, анын атаандашы Саид Жалили 13,5 млн. добушка ээ болду.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Ирандын мурдагы президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктын кесепетинен каза болгондон кийин белгиленген.

Мурунку макалаБүгүн дзюдочу Эрлан Шеров менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат
Кийинки макалаНарынга электробустар алынып келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз