Башкы бетке Коом “Лейлек килемдери” – Кыргызстандын сыймыгы

“Лейлек килемдери” – Кыргызстандын сыймыгы

0
539

Баткен облусу – Айгүл гүлү, өзгөчө даамдуу өрүгү, чек арага жакын жашаган баатыр эли менен эле эмес, Лейлектин уз айымдары токуган килемдери менен да таанымал болуп келет. Учурда кылым арыткан Лейлектин даңазалуу килемдеринин көргөзмөсү Улуттук тарых музейинде өтүп жатат. Ал жактан алынган фоторепортажыбызга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Тактап кетсек, “Лейлек килемдери-2024” аттуу фестиваль-жарманкеси 3-октябрдан бери өткөрүлүп жатат. Иш-чара 13-октябрга чейин уланмакчы. Ага Лейлектин ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн келген чебер айымдар катышууда. Аталган көргөзмө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда жана Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулган.

Кол өнөрчүлөр бул жарманкенин башкы максаты эмгекти даңазалоо, кыргыз маданиятын, философиясын жайылтуу экенин айтышты. Анткени,  “Килемге колдонулган ар бир жиптин, оймо-чиймелеринин жана түстөрүнүн мааниси бар”, –  дейт  Канымай Зулпукарова. Ошону менен бирге Канымай апа бизге килем токуу технологиясын да көрсөтүп берди.

Лейлектик уздар көргөзмөгө өздөрүнүн  эски жана заманбап ыкма менен жасалган ар түрдүү килемдерин, олпокторун, жасалгаларын жана баштыктарын алып келишкен. Алардын бири Айымкан Сатарова кыргыз маданиятын жайылтуудагы кол өнөрчүлүктүн маанисин түшүндүрүп, аны муундан-муунга өткөрүү энелердин милдети экендигин айтып өттү. Жаңы-Жер айыл аймагынан келген Айымкан апа кыздарына ар кандай куурчактарды, чач учтуктарды жасаганды үйрөткөн.

Ал эми, уз Айсулуу Юлдашевадан киреше жагын сурап көрдүк. “Биздин килемдер экологиялык таза продукциялардан: өзүбүздүн эле койлордун жүнүнөн, жууп, ийрип, тазалап, бардык жасалгаларын өз колубуз менен жасагандыктан баалагандар болот. Кирешеси да жакшы”, – деди Айсулуу апа.

Уз энелердин: “Бир топ жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан килем жарманкелери оң жыйынтыгын берип, “Лейлек килемдери” Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөргө да таанылган күчтүү брендге айлансын, жаштар дагы бул өнөрдү даңазалап, кийинки муунга жеткизсин” деген тилектерине кошулабыз. Ылайым, Лейлек килемдери Кыргызстаныбызды тааныта берсин.

Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаМай ЖОЙ Бантоло: “Ар бир саякатчы Кыргызстанды өз көзү менен көрүшү керек!”
Кийинки макалаРоссиянын ЖОЖдорунан 700 квота бөлүндү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз