Башкы бетке Коом Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам өтпөй калды

Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам өтпөй калды

0
70

Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам Жогорку Кеңеште өтпөй калды.

Депутат Бактыяр Калпаев коомчулук тыюу салууга каршы экенин айткан.

«Адамдар бир нерсе болсо өздөрүн коргоо үчүн видео тартышат. Бул — элдин укугу. Кысым көрсөтүү, айып пулдар жана камоолор жакшы жыйынтыкка алып келбейт», — деген эл өкүлү.

Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, катталган 80 депутаттын 50сү добуш берип, 44ү чектөө коюлбасын дегенге макул болду. Тагыраагы, парламент мыйзам долбоорун артка кайтарды.

Мурунку макалаАк-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп салынат
Кийинки макала73 жаштагы атасын сабап, жамбаш сөөгүн сындырган деп уулу кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз