Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

Нурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

0
436

Бүгүн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тестирлөө акциясын уюштурду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты.

Андан кийин төрага өзү да тест тапшырып, С1 деңгээлиндеги тестирлөөдөн эң жогорку балл алды.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев жыл башында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеге барып, заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди белек кылган. Андан көп өтпөй “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырган.

Мурунку макалаСадыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти
Кийинки макалаОш шаарында милиция кызматкерлерине 25 автоунаа берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз