Башкы бетке Коом Борбордон троллейбустар алынабы?

Борбордон троллейбустар алынабы?

0
1295

Ошентип буга чейин борбордон троллейбустар толугу менен алынат деген божомол чындыкка айланды. Өткөн жумада шаардын Байтик баатыр көчөсүндөгү троллейбус линиялары демонтаждалып, Иса Ахунбаев көчөсүндөгү троллейбус линияларынын мамылары да алына баштады. Шаардыктар көчөлөрдүн оңдолушуна, кыйма-чийме электр чубалгыларынын тазаланышына суктанып бүтө албай жатса, транспорт боюнча эксперттер троллейбустардын алынышы кеминде 600 млн. сомдон ашык чыгымга учуратарын айтышууда. 73 жылдык тарыхы бар Бишкек троллейбус башкармалыгынын жоюлушу бизге кандай пайда, кандай зыян алып келет деген суроого жооп издеп көрдүк.

Мэриянын жүйөөсү кандай?

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, борбордогу троллейбустардын 70 пайызынын эксплуатациялык мөөнөтү бүткөн. Ал парламент жыйынында шаарда 210 километр троллейбус линиясы бар экенин, 60-70 пайызы жедеп эскирип калганын, аны алмаштыруу өтө кымбатка (1 метри 8 доллар) турарын айткан. “Андыктан биз троллейбустардын санын кыскартып Ч. Айтматов проспектиси, Ахунбаев көчөсү, Курманжан датка көчөсү жана Жибек Жолу проспектисиндеги алкактык линияны калтырабыз. Калган көчөлөрдөгү линия, мамыларды алып жер асты менен электр жана интернет-кабелдерди тартабыз”, – деген эле. Мэрдин айтымында борбордо бүгүнкү күндө 152 троллейбус бар жана анын 100ү Ош шаарына берилет. “Бул кадам менен биз экинчи борборубуздун коомдук транспортун өнүктүрүүгө жардам беребиз. Айлана-чөйрөнү коргоо максатында шаарга электробустар киргизилет. Жогорку Кеңештин колдоосу менен 120 электробус алып келүү иши аяктайт. Учурда электр заряддоо инфраструктурасын даярдоо иштери жүрүп жатат”, – деп кошумчалаган.

Андай эмес мындай

Ал арада жарандык активисттер троллейбустардын ордуна электробустарды киргизүү пайдасыз экенин айтып, тескерисинче, экологиялык жактан таза коомдук транспорттун линияларын жаңы конуштарга чейин улантуу натыйжалуу болорун билдиришкен. “Троллейбус инфраструктурасын кармоо өтө чыгашалуу эмес болчу жана бул система жумушчулардын жигердүүлүгү менен сакталып келе жаткан. Бишкек мэриясынын троллейбустардын эксплуатациялык мөөнөтү бүттү дегени негизсиз. Бул транспорттун орточо эскплуатациялык мөөнөтү 10-15 жыл. Акыркылары 2018-жылы, 2022-жылы алынса кандайча колдонуу мөөнөтү бүтүп калат? Ал эми электробус химиялык кооптуу заттары бар бир нече тонналык батареялар менен жүрөт. Кийин аларды жок кылуу да оңой маселе эмес”,-дешет алар. Буга улай активисттер шаар бийлиги троллейбустук линияларды демонтаждоодо экологиялык баалосу (оценка) бар негиздемени, троллейбус башкармалыгынын техникаларына мониторинг жүргүзүү тескемесин жана мониторингдин жыйынтыгын, бул тема боюнча шаардыктарды сурамжылоо баракчаларын, троллейбус алынгандан кийинки күтүлө турган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү (ТЭК), БТБнын материалдык-техникалык мүлкүнүн азыркы акыбалын, БШКнын троллейбустарды линиядан албаса болбой турганын негиздеген чечимин көрсөтүшү керектигин ортого салышкан.

Алардын билдиришинче, троллейбус эң арзан транспорт түрү болгондуктан аны жоюу менен шаар экономикасы жабыркайт. Электробустар аккумуляторлор менен иштегендиктен кышкысын троллейбустарга салыштырмалуу жүргүнчүлөргө азыраак кызмат көрсөтөт.

Заманбап тренд – модернизацияланган троллейбус

Буга чейин троллейбустарды электробустарга алмаштырууга каршы пикирин билдирип келе жаткан Бишкек шаардык кеңешинин (“Социал-демократтар” фракциясы) депутаты Кадыр Атамбаевдин айтымында, БШК мэрияга троллейбус линияларын демонтаждоого макулдугун берген эмес. Депутат өз социалдык барачасында троллейбустарды электробустарга алмаштыруу чоң катачылык экенин жазып, бул аракет боюнча бир нече кооптоонуулар бар экенин санап өткөн. К.Атамбаевдин пикиринче, биринчиден, электробустар троллейбустарга салыштырмалуу өтө кымбат. “100 электробус 50 млн. доллар болсо, 50 троллейбустун баасы 7 млн. доллар. Эл аралык коомдук электротранспорт ассоциациясынын маалыматы боюнча электробустардын бир рейси заманбап  In-Motion Charge (жүрүп бара жатып заряд алуу) технологиясында модернизацияланган троллейбустукуна салыштырмалуу 36 пайызга кымбат. Колдонуудан чыккан электробус батареялары экологиялык жактан кооптуу жана аларды утилизация кылуучу тармак Кыргызстанда азырынча жок. Электробустардын батареяларына керектелүүчү литийди, кобальтты өндүрүү экологияга олуттуу зыян алып келет. 250-400 километр жол жүрүүгө жарактуу электробус батареяларынын салмагы 2-3 тонна. Ошол эле кезде толук заряддалган батарея өндүрүшчүлөр көрсөткөн жол жүрүү аралыгынын 60 пайызына гана жетет. Биздин климатта бул көрсөткүч мындан да төмөн болушу мүмкүн. Батареялардын эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында паспорт боюнча 250 километр жол жүрө ала турган электробус 150 гана чакырым жол жүрүп калышы мүмкүн. Электробустардын батареялары кокус күйсө уулуу заттардан улам аны өчүрүү да кыйынга турат.

Андыктан коомдук транспорттогу заманбап тренд – электробустар эмес, а 30-50 километрди автономдуу (троллейбус линиясысыз) жүрө ала турган модернизацияланган троллейбустар. Алар электробустарга салыштырмалуу 30 пайызга арзан жана колдонууга ыңгайлуу. Мындай троллейбустарды 2022-жылы Кыргызстан сатып ала турган болуп белгисиз себептерден улам кайра баш тартты…Балким мэрия бизди азыр укпастыр, бирок, экологиялык маанилүү жана туруктуу транспорт түрүн талкалоо фактысы Бишкектин тарыхында калат”, – делет К.Атамбаевдин

Заманбап троллейбустарды алсак болмок

Троллейбустардын линиясынын демонтаждала баштаганына күбө болгон соң бул тармакты жакшы билген кызматкерлердин пикирин билүү максатында Бишкек троллейбус башкармалыгына баш бактык. Бул мекемеде 52 жылдан бери иштеп келе жаткан оңдоо иштери боюнча улук мастер Түлөберди ТҮМӨНБАЕВ аксакал бизге буларды айтып берди: “Мен ушул жерде 1972-жылдан бери айдоочу, слесарь, мастер, цех жетекчиси, инженер болуп иштедим. Азыр оңдоо иштери боюнча улук чебермин. Чынында азыр троллейбуска түшкөн кишилер да абдан көп. Алар бул транспорттун жоюлушуна бушайман болуп жатат. Ооба, мэрия билдиргендей троллейбус башкармалыгынын базасы эскирди. Бирок, эскирди деп эле жоюуга ашыкпай тескерисинче, бизге жардам беришсе болмок. Электробус жакшы дешкени менен эки электробустун акчасына үч троллейбус келет. Экинчиден, жаңы унаалар келсе айдоочулар, техникалык кызматкерлер курамын ошого жараша окутуп, үйрөтүш керек. Биз эски троллейбустардан жаңы электрондошкон троллейбустарга өтүп, аны эми гана жакшы өздөштүрүп келатканда минтип электробустарды алып келебиз деп жатышат. Эми жашы өтүп калган айдоочуларды окутуу жагы кандай болот али белгисиз”, – дейт Т.Түмөнбаев.

БТБдагы эң аксакал, 78 жаштагы оңдоо иштери боюнча улук чебери Александр ЛАВРУКтун айтымында, троллейбус экологиялык жактан эң таза, ишенимдүү коомдук транспорт. “Электробус алып келебиз деп жатышат. Ал аккумулятор менен иштейт. Акуммулятордо электр энергиясы иштелип чыгыш үчүн химиялык реакция жүрүп, абага уулуу газдар бөлүнүп чыгат. Андыктан бул бирөөлөрдүн кызыкчылыгы же жетекчилердин алысты көрө билбегендиги да болушу ыктымал. Жогору жактагылар троллейбустар эскирди, троллейбус тармагына 75 жыл болду деп жатышат. А бир нерсе иштеп туруш үчүн аны убак-убагы менен жаңылаш керек да. Алсак, Белорусияда линиядан ажыратылгандан кийин топтолгон заряд менен 30-40 километр жүрө ала турган троллейбустар бар. Ошол бизге өтө пайдалуу болмок. Ал линия жок жерлерге чейин кирип жүргүнчүлөрдү алып кетүүгө жөндөмдүү.

Биз кээде жоктон бар кылып троллейбустарды жүргүзүп коёбуз. А автобус, электробустардын кенедей бир нерсеси бузулса токтойт. Мына азыркы сатылып алынган жаңы автобустарда кондиционер жок болгондуктан ичи ысып, жүргүнчүлөр эс учунан танып кулап жатышат. Ага караганда кондиционери бар заманбап троллейбустарды алып, каттамдарга көбүрөөк чыгарсак элге да, шаар бюджетине да жеңилдик болмок. Себеби троллейбус биринчиден арзан, экинчиден, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу, үчүнчүдөн, анын эксплуатациялык мөөнөтү 10-15 жыл. Жакшылап колдонсо 20 жылга чейин кызмат өтөп берет. А электробус, автобустар ашып кетсе 5 жылга чыдайт. Буга чейин канча жүздөгөн автобустарды сатып алып темирге кетирдик. Ошол учурларда эски троллейбустар тынымсыз иштеп турбадыбы. Анын үстүнө азыр жаңы ГЭСтер курулуп жатат. Электр энергиясы жагынан көйгөй деле болмок эмес”, – дейт ал.

P.S. Материал даярдалып жатканда бул маселе боюнча Бишкек мэриясына да кайрылып, тилекке каршы жооп ала албадык.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

Мурунку макалаС.Чокморов атындагы №10 кесиптик лицей – бедели күчтүү окуу жай
Кийинки макалаАр ойго салган “Алтын сертификат”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз