Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

0
454

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Президент КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. 

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоо боюнча жыйын өткөрдү
Кийинки макалаНурланбек Шакиев кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку балл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз