Башкы бетке Министрлер кабинети Ысык-Көлдө коңшу өлкөдөн келген уурулар тобу кармалды

Ысык-Көлдө коңшу өлкөдөн келген уурулар тобу кармалды

0
1139

Туристтердин акчасын автоунааларынан алып кетип жүрүшкөн. Ысык-Көлдө коңшу өлкөдөн келген уурулар тобу кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, шектүүлөр буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон жарандар, “гастролдоп” уурулукту кесип туткан кылмыштуу топ экени аныкталды.

Балыкчылык тартип сакчыларга буга чейин 18-25-сентябрь аралыгында “Каньон” деп аталган жерде туристтердин автоунааларынан акча уурдалганын айтып, кайрылышкан. Биринчи жабырлануучу 124 миң сомдук, экинчи киши 145 800 жана үчүнчү жабырлануучу 300 миң сомдук материалдык зыян тарткан.

Кармалгандардын бири аял, үчөө эркек киши. Тинтүү учурунда эки рация, мобилдик 5 телефон, дүрбү, ар кандай автомашиналардын беш ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар табылган. Андан сырткары, АКШ, Европа, казак, индия, швейцария акчалары чыккан.

Мурунку макалаБиз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек – Садыр Жапаров
Кийинки макала“Евразия” автономиялык бейөкмөт уюму Кыргызстанга 50 автобус белек кылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз