Башкы бетке Коом III Элдик курултайдын эсептөө комиссиясынын жана улуттук кеңешинин мүчөлөрү шайланды

III Элдик курултайдын эсептөө комиссиясынын жана улуттук кеңешинин мүчөлөрү шайланды

0
70

Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө.

Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачты.

Андан соң, Элдик курултайдын эсептөө комиссиясы жана улуттук кеңешинин мүчөлөрү шайланды. Делегаттардын ичинен эсептөө комиссиясына 9 мүчө, ал эми улуттук кеңешке 17 мүчө тандалып алынды.

Учурда акыркы төрт жылдагы өлкөнүн жетишкендиктери жана ар кыл тармактарда аткарылып жаткан иштер боюнча кыска видео тасма көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат катышып жатат.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинини мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда.

Мурунку макалаТемир жол – экономикабыздын маанилүү тармагы
Кийинки макалаТоң районуна этнокомплекс куруу пландалууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз