Башкы бетке Коом Эрбол Султанбаев Минсктеги Трансплантология борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Эрбол Султанбаев Минсктеги Трансплантология борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

0
602

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарындагы Хирургия, трансплантология жана гематология илимий-практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

ТИМден билдиришкендей, борбордун директору Олег Руммо медициналык мекеменин ишмердүүлүгү жана дарылоо ыкмалары тууралуу маалымат берди. Бүгүнкү күндө бул жерде органдарды трансплантациялоо боюнча операциялардын түрлөрү жасалат. Акыркы жылдары борбордун материалдык-техникалык базасын жаңыртуунун натыйжасында бир катар жаңы медициналык корпустар курулуп, алдыңкы медициналык техникалар жана дүйнөлүк стандарттагы жабдуулар сатылып алынды.

Кыргызстанда мындай маселенин актуалдуулугун эске алуу менен, Эрбол Султанбаев жана Олег Руммо биргелешкен кызматташуу келечегин, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана медицина адистеринин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Мурунку макалаСадыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды
Кийинки макала“Ийгиликке кадам” – ийгиликтерге ачкыч болуп калды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз