Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, экономика илимдеринин доктору Элмира Жумалиева чыгармачылыкка аралашып жүргөн инсандарыбыздын бири. Акын, котормочу. Беш ыр жыйнагынын автору. Бул жолу 1918-1924-жылдарда Түркестанда, анын ичинде Жети-Сууда, Пишпекте болгон орус геологу жана натуралисти, тагдыры татаал адам Павел Степанович Назаровдун “Борбор Азиядан качуу” аталган китебин которуп, окурмандарга тартуулоонун алдында турат. Китеп “Hunted Through Center Asia” деген аталышта, алгач англис тилинде жарык көргөн. Арадан 80 жыл өткөндөн кийин гана орус тилине которулуп, 2015-жылы Бишкекте “Раритет” басмасынан чыгарылган.
Китептин баалуулугу кылым башындагы кыргыз, өзбек, орус элдеринин жашоо турмушун, адат-салттарын, этнографиясын, жаратылышынын кооздугун, анын ичинде жер байлыктарын, ошол учурдагы Ташкент, Пишпек шаарларынын көрүнүшүн, Үркүндүн келип чыгыш себептерин, бул элдерге революциянын тийгизген таасирин өз көзү менен көргөн адамдын баян-дап бергенинде. Төмөндө аталган китептен үзүндү жарыялайбыз.
Мен түндү орус айылы Май-Булакта өткөрдүм, анын мааниси – “Масляный родник” дегенди билдирет . Мен токтогон үйдүн ээси, улгайып калган адам эле, ал мени тоого саякаттап, мурда интенсивдүү иштетилип келген, байыркы эмгек куралдары табылган, эски кенди көрүп келүүгө чакырды. Ал революцияга чейин кыргыздар устачылык үчүн тоодон эң мыкты көмүр алып түшүшкөндүктөрүн айтып берди.
– Эми алардын кайда кеткенин Кудай билет, бизде дагы жок көмүр, – деп жыйынтыктады ал.
Бул жерде, бардык эле Жети-Сууда орус келгиндеринин арасында, мен орус колонисттеринин жергиликтүү элге көз карандылыгына таң калдым. Көпчүлүк жумуштарын кыргыздар бүткөрүп жатышыптыр: алар талааларында иштеп, малдарын багышат, таш көмүр же жыгач отун алып келип беришет ж.б.
Кээде алар өздөрүнүн жерин келгиндерден ижарага алып турушчу – алардын жерин падыша өкмөтүнүн буйругу боюнча тартып алышып, Россиянын колонисттерине бөлүп беришкен. Бул өлкөнү колонизациялоо системасы ушундай эле, ал акыры кыргыздардын орус бийлигине олуттуу нааразычылыгын пайда кылып, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө алып келди. Бийлик өздөрүнүн аракетин орус колонисттери орой көчмөндөргө жакшы таасир тийгизди деген бийик сөздөрү менен негиздөөгө аракет кылышты, бирок чындыгында мындай “таасир” кыргыздарды арак ичүүгө үйрөттү, анткени бул империя-нын кирешеси өскөнгө жакшы эле. Кыргыздар, бардык динге ишенген мусулмандардай эле мурда эч качан арак ичпеген, таза эл эле.
Мен үчүн Чымкент менен коркунучтуу коңшулукту мүмкүн болушунча тезирээк калтыруу абдан маанилүү эле, ошондуктан мени кызыктырып турган эски кенди көрүп келүүдөн, убактым жоктугун шылтоолоп баш тартууга туура келди.
– Анда кийин дагы келиңиз, – деди улгайып калган үй ээси.
– Мындан алыс эмес жерде көптөгөн кызыктуу жерлер бар.
Азыр силер Ак-Суу дарыясын кечип өтөсүңөр. Бир капчыгайда “темир кенининин” чоң тоосу бар. Коңшу айылда жашаган темир уста, суу жууп кеткен жардан алтын таап алган. Ал эки же үч күнгө тоого кетип, бир фунт алтындын куму менен кайтып келип, анын баары түгөнгөнчө ичти. Жакында ал жок болуп кетти.
Кийинки күнү жергиликтүү он төрт жаштардагы бала, мага ат жетелеп келди. Мага деген ат, анык кыргыз аты эле, күчтүү, мойну түз, жал куйругу төгүлөт. Ал жакшы бээ болчу, камчысыз же шпорсуз эле ишенимдүү ылдам басчу.
Аттарды бир нече жолу чаптырып, жол арбытып алган биз, ар түрдүү кошундулардан турган тик аскалардын ортосундагы терең жана кууш каньон аркылуу агып жаткан Ак-Суу дарыясына жете келдик. Көрүнүшүнөн эле баш айланган чукул бурулуштуу, тик түшө турган төтө жол, күркүрөп-шаркырап агып жаткан, түпсүздүккө бой урган дарыяга салынган көпүрөгө алып барат. Көпүрө эки башы кыска карагай устундарга бекиген, чоң таштар менен бекемделген узун устундардан салыныптыр. Туурасынан боолонгон бадалдар ташталып, анын үстүнө топурак таштап коюшкан. Мындай курулуштарды курганда, адатта бир дагы мык, бир дагы темирдин кесиндиси колдонулбайт.
Бул өңдүү көпүрөлөр жергиликтүү элдер тарабынан Борбор Азиянын тоолуу райондоруна салынат. Мындай көпүрөлөр Индиянын тоолору, бүтүндөй Түркестан боюнча жайылып кеткен. Бул ашкере узун көпүрө, ошолордун бири эле жана дене бойду титиретет.
Дайыма менин алдымда келе жаткан жол көрсөткүч кыргыз бала, көпүрөнүн берки бетине токтоп, биринчи болуп өтүп, төмөндөгү аркыраган дарыяга кулап түшүү сыймыгын мага бергендей күтүп калды. Мен азыр гана жолду жакшы билген жана көптү көргөн күчтүү жана мыкты кыргыз жылкысын минип турганымды түшүндүм, ал учурда душмандарымдын колуна түшүп калбоо сезими менин коркконумду басаңдатып, чечкиндүү түрдө көпүрөнү бет алдым.
Менин сөз жетпеген мыкты атым эч коркпостон көпүрөгө кирип, алдыга жөнөдү. Көпүрө деңиз толкунунда калган кайыктай бийлеп жатты, бирок менин атым кымындай да көңүл буруп койбостон, аркы өйүзгө өтүп, тике бетти капталдап ылдамдап баратты. Жаш кыргыз бала менин артыман келе жатты.
Түш жарымдан кийин анын аты мүдүрүлө баштады, жакынкы айылдан аны башкага алмаштырдык. Андан ары биздин жолубуз анча чоң эмес талаа аркылуу ашууга белине бет алды, ашууга жетип аркайган аскалардын арасында калдык. Төмөндө кудум үстөлдөй тегиз талаа керилип жатты, анын ар жагында түндүккө карай бир нече чакырым аралыкта дагы бир – Кара-Тоо ашуусу турган эле. Биз ушул тоолордун көпчүлүгүн түзгөн эбегейсиз зор аскалардын жогору жагына токтодук. Бизге жол издеп убара болгонго убакыт корогон деле жок, көп өтпөй төмөн түшүп талааны да кесип өттүк. Менин бээм басыгынан жазбай, ылдамдап баратты, сыягы ал деле тезирээк үйгө жетүүнү кааласа керек.
Высокое айылына күн баткандан кийин эле жетип, ошол жерге токтодук. Бул күндүн он саатында биз ашуу-бел аркылуу жетимиш чакырым жолду басып өттүк , ошондуктан мен аттарга сулудан эки рационду кошуп салдырдым – бул ал учурда кол жетпеген кененчилик эле.
Кийинки күнү аттарды күтүп жатканымда үй ээси большевиктик революциядан кийин бардыгы үчүн оор күндөр келгенин, дыйкандардын данын тартып алганын, жалпысы кыйынчылыкта калганын айтып жатты. Көбүнчө ал совет өкмөтү жалданып иштегенге тыюу салганын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мындан артык тоскоолдук болбосун сүйлөндү.
– Мурдагы убакта биздин жаштарыбыз шамдагай жана көп учурда токтоно албай турушар эле, азыр балдар андай эмес жана эч нерсе кыла албайсың. Кыргыз балдар биздикилерден бышык, кур дегенде уяттары бар, – деп жыйынтыктады ал.
Мен ушул айылдан алыс эмес жерде, киши жетпеген жардагы үңкүрдө чоподон жасалган идол бар экенин уктум. Бир ирет орустар үңкүргө эптеп киришип идолду талкалап, анын алдынан күмүш идиштеги, эң эски алтын тыйындарды табышыптыр. Мен үй ээсинен бул тууралуу эмне билерин сурадым.
– Албетте мен билем, – деди ал. –Үңкүргө кирүүгө болбойт болчу, бирок биздин балдар аркан менен түшүшүптүр. Алар идолду талкалап, анын алдынан сиз айткандай эски алтын тыйындарды табышыптыр.
– Алар тыйындарды эмне кылды, – сурадым мен.
– Аны эритишип, акчасына арак иче башташты. Ошентип алар түбөлүк мас болгонго, акча табышты, – деп кыжырлана жооп берди ал.
– Алар ал жакка идолду талкалаганы эле үчүн эле барыштыбы? – дедим мен. – Алар аны сатышса, анын бир идиши, бардык тыйындан кымбат болбойт беле.
– Бардыгы жалкоолуктан. Идол оор болчу жана аны үңкүрдөн алып чыгуу көп күчтү талап кылмак. Ошондой эле Арыстагы насостук станциянын механиги ок менен бычырата атып, кытай статуясын талкалап салган.
– Кандай статуяны?
– Механик достору менен Отрардын урандыларынан жер алдындагы бөлмөнү табышат. Айтканга караганда алар ал жактан көп жакшы буюмдарды алып чыгышкан. Алар бийиктиги бир жарым метр келген кытай статуясын алып келишкен, анын башында нимб (тегерек шакек), бутунда тешиги бар, мен аны бекитип коюу үчүн жасалганбы деп койдум. Ал механиктин короосунда көпкө жатты. Бир ирет анын туулган күнүндө достору, коноктор келишип, бардыгы мас болуп, мылтыктан ок атышып, эски статуянын бырын-чырынын чыгарышат.
Көрүнүп тургандай көптөгөн байыркы будда искусствосунун реликвиялары орус дыйкандарынын мас болуп жасаган акмакчылыгынан талкаланып, жок болуптур. Араб басып алуучуларынын алдында бул жерде буддизм кеңири жайылган. Отрар орто кылымдагы Сыр-Дарыянын боюндагы Кытай, Персия, Византия жана Европанын ортосундагы соода борбору, бай шаар болгон. Шаар монголдор тарабынан талкаланган, бирок Тамерландын тушунда кайрадан гүлдөп өнүккөн, ал ошол жерде өлгөн. Анын урандылары чоң аянтты ээлейт жана Ташкент темир жолунун Тимур станциясына жакын жерде, суу жетпеген чөлгө айланып жатат.
Түш оогондон кийин Бурное почта станциясына жетип, жергиликтүү бийликке мандатымды көрсөтүп, отчет берип, Жумушчу-дыйкандар өкмөтүнө иштеген совет өкүлүнүн жеңилдетилген укугунан пайдаланып, кош ат чеккен экипаж алып жөнөп кеттим.
Тегеректин баары бышыкчылыктуу жерлер, көз тойгузган жайыттар, суу жээктеп өскөн жашыл чөптөр; жолдун оң тарабында аскасы көк тиреген ак мөңгүлүү тоолор, андан ылдый агып жаткан көп сандаган суулар.
Почтанын арабасы менен кетип бара жаткан бардык убактымда, каамытка илинген коңгуроо тынбай шыңгырап, ат туягынын чөптүү талаадагы дүбүртү менен коштолуп, Оренбург талаасында жана Түштүк Урал боюнча дал ушундай почта арабасы менен көп жүргөн бала чагымды эске салды.
Бул жердеги суулуу өрөөндөрдө алтын бар. Алардын бири – Таластагы – капчыгайда, асканын бетинде Азиядагы байыркы жана азыркы белгилүү тамгалардын бирине да окшобогон кандайдыр бир сырдуу жазуу турат. Мен кийин ал тамгалар алыс-
кы Енисейден табылган, белгилүү Орхон жазмаларына окшош экенин билдим. Ал жазуу дат археологу, профессор Томсен тарабынан окулган, ал бул уйгур тили – байыркы түрк элдеринин тили экенин далилдеген, азыр аны кыргыз тили деп атайбыз. Кызык жери Орхон жазуулары бир жагынан кыргыздын – уруу тамгаларына, малга баскан белгилерине окшош – экинчи жагынан, ал биздин Кудайдын тушунда Палестинада сүйлөнгөн, кийин жергиликтүү тил катары ивритке алмашкан, эски арамей алфавитине жана тилине жакындашып кетет. Тамгалар арамей тилинен алынганбы же андан да байыркыбы айтыш кыйын. Кыргыз жеринде аскалардагы тамгалар өтө деле сейрек эмес жана байыркы доордун атрибуттары болуп саналат. Түрктөр өз алдынча алганда – байыркы маданияты бар эл, эске ала турган нерсе, түрк тектүү раса болуп эсептелген шумерлерден чыккан ассирия-вавилион цивилизациясына караганда, андан да байыркы цивилизация болуп эсептелет.
Кыргыз атынын соорусуна басылган бир жөнөкөй тамгадан – ал тамганын көрүнүшүнөн адамзаттын байыркы өтмүшүнүн ассоциациясы тууралуу ушундай ойлорго барып келесиң.
(Уландысы бар)
Которгон Элмира Жумалиева


