Башкы бетке Илим Паралимпиада-2024. Жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңыртты

Паралимпиада-2024. Жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңыртты

0
416

Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пара жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1 500 метр аралыкка чуркоодо 13-орунду ээледи.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Гүлназ Жүзбаева 1,5 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгып, маарага 6 мүнөт 11,36 секундда келген.

Муну менен жөө күлүк көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты. Спортчуну коштоочусу Юлия Фернас болду.

Жалпысынан жарышка чыккан 15 спортчунун ичинен Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.

Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандан мелдешке 4 спортчу катышууда.

Мурунку макалаЖал кичи районунда «Муун» гүл бакчасы ачылды
Кийинки макалаАла-Тоо аянтында 3 күн бою «Күз кайрыктары» аттуу музыкалык кече өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз