Башкы бетке Дүйнө Франция менен Португалиядагы токойлор өрттөнүүдө

Франция менен Португалиядагы токойлор өрттөнүүдө

0
1663

Еuronews маалымдагандай, Франциянын түштүк-батышында 350 гектар карагай токою өрттөнүп кетти. Мындан улам ал жакта эс алып жүргөн туристтер коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Жергиликтүү бийлик өрт чектөөгө алынганын кабарлады.

Ал эми Португалияда августтун эки жумасында эле 3,5 миң гектар токойду тилсиз жоо жалмады. Өрт калктуу пункттарга чейин жеткендиктен, 160тай адам эвакуацияланды.

Тилсиз жоонун күч алышына жогорку температура менен шамал кошул-ташыл болуп жатканы айтылууда. Ошондой болсо да, өрттү чектөөгө алууга аракеттер көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Франция менен Португалиядагыдай өрт кырсыктары буга чейин Греция, Албания жана Италияда катталып, бир нече апта бою тилсиз жоо менен күрөш жүргөн болчу.

Мурунку макала«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» монеталары жүгүртүүгө чыгарылды
Кийинки макалаПарижде Паралимпиада оюндарынын оту жанат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз