Башкы бетке Илим Кыргызстандык самбочулар Дүйнө кубогунда 13 медаль утушту

Кыргызстандык самбочулар Дүйнө кубогунда 13 медаль утушту

0
432

Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти.

Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышкан.

Күмүш медаль ээлери:

— Саяк Бараканов (64 кг, күжүрмөн самбо);
— Адилет Кубаныч уулу (64 кг, спорттук самбо).

Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:

— Байэл Жакшылыков (79 кг);
— Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
— Фарух Мамажанов ( 88 кг),
— Шахрер Идирисов (98 кг);
— Бекболот Токтогонов (98+ кг).

Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:

— Курманбек Замирбек уулу (71 кг);
— Шерзат Кудайбердиев (71 кг).

Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө селден коргонуунун штабдык жыйыны өттү
Кийинки макалаБилим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз