Башкы бетке Рубрикасы жок “Манас” университетинин ректору жаш жеткинчектер менен жолугушту

“Манас” университетинин ректору жаш жеткинчектер менен жолугушту

0
1226

23-апрель – Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясындагы жаш жеткинчектер менен жолугушту.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана башкы катчы, профессор Октай Өзгүл мектептин окуу бөлмөлөрүн кыдырып, окуучулар менен жолугушту. Алпаслан Жейлан өз сөзүндө балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, президент Садыр Жапаровдун бул жааттагы сунушуна токтолду жана жаштардын өз эне тилинде сүйлөө зарылчылыгын баса белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн келечегинде биримдик жана ынтымак үчүн тилдин маанилүүлүгүн баса белгилеген Жейлан: “Келечектеги кылым – “Түрк кылымы” болот. Биримдик жана ынтымак тилдер аркылуу бекемделет”,-деп билдирди.

Жолугушуу учурунда ректор Алпаслан Жейлан балдарга күтүлбөгөн белектерди тартуулап, жаш жеткинчектерди кубантты.

Мурунку макалаНурланбек Шакиев Монголиянын премьер-министри менен жолукту
Кийинки макалаБаку шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз