Башкы бетке Коом Кыргызстанда 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

Кыргызстанда 8,5 миң үй-бүлө мамлекет менен соцконтракт түздү

0
440

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аймактар боюнча бөлүштүргөндө, ал төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 585 үй-бүлө,
  • Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө,
  • Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө,
  • Нарын облусу – 820 үй-бүлө,
  • Талас облусу – 915 үй-бүлө,
  • Чүй облусу – 821 үй-бүлө,
  • Бишкек шаары – 101 үй-бүлө,
  • Ош облусу – 2422 үй-бүлө,
  • • Ош шаары – 95 үй-бүлө,

Министрликтен белгилешкендей, социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кичи бизнести өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

Мурунку макалаКыргызстанда жалпы 37 калкты тейлөө борбору иштөөдө
Кийинки макалаКыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз