Башкы бетке Коом Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолукту

Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвень менен жолукту

0
492

Бүгүн тшкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбоорун алдыга жылдыруу маселесин талкуулап, бул багыттагы прогресс боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда Кытай элчисин Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун биргелешкен даярдоо тобунун коммерциялык тобунун жетекчиси Ма Чжэн жана делегациянын башка мүчөлөрү коштоп жүрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар долбоордун курулушун тез арада баштоого жигердүү көмөктөшүүнү макулдашты.

Мурунку макалаКөчмөндөр оюнуна 268 кыргызстандык спортчу барат
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз