Башкы бетке Коом Энергетика министрлиги: Күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө

Энергетика министрлиги: Күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө

0
537

Кыргызстанда учурда 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча бардык ГЭСтерде, райондук электр тармактар ишканаларында, жылуулук ишканаларында жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.

«Ошондой эле Бишкек ЖЭБинде ремонт иштери жүрүүдө. Ушу тапта буга чейин ТВЕА компаниясынын адистери тарабынан ремонттолгон гидроагрегат капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Аны башка кытайлык компания ремонттоодо. Бул ишке 300дөй адам тартылган, алардын 68и инженерлер. Бардык иштер күз-кыш жылытуу мезгилине чейин бүткөрүлөт”, — деди Ибраев.

Мурунку макалаТалант ЖЕКШЕНОВ: “Ата мурас Ала-Арча кыргызга кызмат кылат”
Кийинки макалаАкадемик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Айдоо аянттарын 1 млн. гектарга жеткирген Болот Мамбетов”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз