Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, анын расмий басылмасы «Эркин Тоо» – «Кыргыз Туусу» гезитинин 100 жылдыгы белгиленет. «Эркин Тоо» гезити жазгандай «эриктүү Кара-Кыргыз автономиялуу облусу» бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикабыздын пайдубалы болуп берди.
Кыргыз эли тегин жеринен «эриктүү Кара-Кыргыз облусун» түзгөн көсөм аталарыбызга (Ж.Абдыракманов, Э.Арабаев, И.Айдарбеков, А.Сыдыков, А.Орозбеков) таазим кылып келишпейт. Алардын кыл чайнашкан саясий кармашта, бизден калкынын саны, аймагы чоң коңшу мамлекеттердин курамында эмес, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө жетишүүлөрү, түбү келип – эгемен Кыргыз Республикасы катары өз алдыбызча түтүн булатып чыгышыбызга жол ачкан. Белгилей кетсек аттары аталган кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр Президент С.Жапаровдун жарлыгы менен «Журт атасы» деп таанылышы, тарыхый калыстык жана алардын элибизге кылган эмгегин баалоо болуп калды.
Айтмакчы, «эгемен» деген сөз Манастан алынган. «Эгемендүү эл болдук… Эчен элге тең болдук… Өкүмөттүү эл болдук… Өзгө элдерге тең болдук» деп айтылат. (Жаш Манасты хан шайлашкандан кийин элдин сүйүнүп турган учуру ушундайча сүрөттөлөт). Ал эми «Эркин Тоодо» «эриктүү эл болдук» деп жазылат.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн эле түз чуркап кеткен эмес. Дагы эле болсо, көсөм уулдарыбыз «Эркин Тоо» аркылуу элибизге жол көрсөтүп, өсүп-өнүгүүнүн жолдорун айтып турушкан. Айрыкча Жусуп Абдыракмановдун саясий макалаларынын актуалдуулугу бүгүн да маанисин жогото элек. (Буга кийинчерээк токтолобуз). Өзгөчө өз доорунун алдыңкы уулу, ар тараптуу билимдүү, кыргыз элинин РСФСРдин курамына автономиялуу облус катары киришине чоң салымын кошкон Абдыкерим Сыдыковдун «Эркин Тоого» жарыяланган айыл чарбасын көтөрүүгө, эл турмушун оңдоп кетүүгө багытталган макалалары ошол учурда далайлардын көзүн ачкан.
Абдыкерим Сыдыковдун өмүр жолу, трагедиялуу тагдыры тууралуу көп жазылды. Дагы жазылат. Бизди кызыктырганы кыргыздардын ичинен биринчи болуп, Казан университетинин ветеринария факультетинде окугандыгы болду. (Тилекке каршы ден соолугуна байланыштуу бүтпөй калган экен). Ушундан уламбы анын макалалары, атайын даярдыгы бар адис жазгандай таасир калтырат. Макаладагы малдын асылдуулугун жакшыртуу тууралуу айткандары арадан бир кылым өтсө да актуалдуу боюнча калып жатканы өкүнүчтүү. Бир жагынан кайран көсөмдүн кыргыздын нукура ата кесиби болгон мал чарбачылыгын жаңы нукка бурууга аракет кылганы суктандырбай койбойт.
Төмөндө Абдыкерим Сыдыковдун «Эркин Тоонун» №3 (10-декабрь 1924-жыл) санына жарыяланган «Кыргыз сарамжалы» аталган макаласын толугу менен жарыяладык. (Макаланын арап тамгасынан которулган текстин иштеп чыккан – А.Т.)
Кыргыз сарамжалы
Кыргыз тиричилигинин бир жагы мал, экинчи жагы эгинчилик, үчүнчү бир жагы ар бир кесипкерчилик менен байланышат. Ушу убакытка чейин кайсы бир чарбаны алсак да кыргыз арасында эч өзгөртүлгөн жок.
Мал чарбасына караганыбызда: жылкы малы тукурлукка айланып, түрү бузулуп, майдаланып кеткен. Буга себеп: биринчи – тай, кунан кезинде минилгендиги, экинчи – кулун кезинде энелери көп саалып сүткө жарыбагандыгы, үчүнчү – үйүргө асыл тукум айгырлар салынбагандыгы, төртүнчү – үйүрдөн жакшы тукум чыкса, аны күлүк болот деп бычып, ат кылып салгандыгы. Кыш кезинде чөп, жем жана тура турган (мал кармаган) орундун жайсыздыгы.
Жогорку айтылган себептерге карай ушу баштан жылкы тукумун түзөмөк үчүн айгырды асыл тукумдан салып, эл арасындагы өз жылкыларыбыздан чыккан жакшы айгырларды сактап жана жакшы бакпасак, жылкыларыбыз мындан кийин деле майдаланып, күчү кетип, сыны жоголуп, баасы кемип, чарбачылык үчүн чоң зыян тартып каларыбыз шексиз.
Уйду, башка малдарды алсак: жаман караган себептүү булар да майдаланып, күчсүз, сүтсүз болуп баратат. Мунун себеби дагы жылкыныкындай эле.
Европалыктардын «Шыутсарийа» (Белгилүү Швейцария күрөң ую – Т.А.) «Сыментел» (Симменталь – Т.А.) уйларынын бирөөнүн сүтү кыргыздын 3-4 уюнун сүтүнө татыйт. Илгериде өкмөт эт салыгын алганда, прадот (продторг) мекемеси орустун калмак урук “аставрупол” (???) өгүзүнөн бирөөнүн ордуна кыргыздын үч өгүзүн алган. Себеби, калмак өгүзү патка (килге) салганда биздин үч уюбузга салмагы толгон.
Казак койлоруна салыштырсак биздин койлорубуз төмөн, майда келет. Алардын бир кою биздин эки коюбузга татыйт.
Курасан (Бухара) койлорунун бирөө, биздин үч коюбузга татыйт жана жүнү да баалуу. Орустун шлунка (???) койлорунун бирөөнүн жүнү биздин беш коюбуздун жүнүнө барабар.
Мунун себеби, бир жагынан жайытыбыз тоо болуп, бир жагынан багуу менен тукумун асылдандырбагандыктан экендиги анык болду.
Эми мал чарбасын түзөө үчүн чоң өзгөрүш жасашыбыз керек. Бул кемчиликтерибизди жоготууга өкмөт тарабынан чоң аракеттер болбосо жана калк өзү өкмөт тарабынан болгон чараларга өздөрү да жардамдашпаса, бул иш жакын арада ужутка чыкпайт (натыйжа бербейт).
Калк жагынан боло турган жардам мындай болушу керек: ар кайсы кыргыз айылдарында суу-жер пайдасына карай бир нече шериктик (деңгене) кеперетсийа-сын (кооперативин) ачып, ал уюшмаларды жер-суу пайдасына карай, бир же бир нече болуштар ортосунда бириктешме (сайуз) (союз) уюшмалар жасап, ошолор аркылуу округдук түпкү союздар менен байланышып, эл арасындагы алып-сатар, кызыл кулак жана сүткорлордон тышкары сата турган малын, ала турган буюмдарын, ошол кеперетсийа аркылуу башка кеперетсийалардан, банкелерден (банктардан) жана өкмөт соода мекемелеринен арзан баа менен алып, өз араларына жамагат дүкөнүн ачып, ошол жол менен чарбасын жөнгө койсо болот.
Ошол кеперетсийа аркылуу тийиштүү өкүмөт тарабынан мал уругун жөндөмөккө жардамдар алып жана бир аз ортолорунан чыгым кылып, керектүү асыл айгыр, жакшы кочкор, букалар алдырып мал тукумун жакшыртуу керек. Малдын сүтү бекер ысырап болбосун үчүн май, быштак чыгаруучу машинелер алдырып, айыл-айылга бир-бирден май жана быштак соотун (заводун) орнотуш керек (машине бир айыл эл уюмдашып акча чыгарып алса көп арзан түшөт). Артыкча май быштакты ошол кеперетиб аркылуу баалуу жерлерге сатып пайдаланыш керек. Бул ишке көпчүлүк аракет кылса, бүтүп кетмеги абдан көп.
Кыргыздын эң түпкү чарбасынын бири дыйканчылык. Дыйканчылык үчүн кыргыздын ээлеген жери баары тең суулуу жана топурагы асыл болсо дагы көп себептер менен кыргыз ошо байлыгын ушу күнгө чейин көп кемчилик менен алып келе жатат. Элүү жылдан бери бизден көрө өнөрлүү орус дыйкандары менен кошулушуп келсек да, алардын тартип өнөрү менен жер тиричилигинен байып бара жатканын көзүбүз менен көрүп турсак да алардан да эч бир үлгү ала албадык.
Кыргыздын көбү ушу кезге чейин «темир соко», «машине сокону” билбейт. Өзүнүн эски атам замандан калган буурсун менен жер айдап, өмүрүнүн көбүн артык эмгекке сарп кылып келген.
Жалгыз чологун кыштын алты ай көкбөрүгө чаап жоор кылып, арыктатып, жазында эгин айдар маалында эгин айдоодон кеч калып, эгин тиричилиги мындан бир өксүйт. Башка себептер да көп. Бул тиричиликти жөндөө үчүн эң кереги бир нече үйдөн аймакташтырып, бириктешме (каллектиб) түзүш керек.
Бул калектибтер (коллектив – Т.А.) өз алдынан жер-суу пайдасына жараша бир нече калектибтен ибарат бир болуш же бир нече айылдардан бириктириб, жер чарбалыгын жолго салуучу (меллйаративии) (мелиорация – Т.А.) шерикчилигин түзүп, өкмөт тарабынан жардам алып дыйканчылык чарбасын оңдоо керек. Кээ жердеги дыйканчылыктан башка чарбасы жок, эл арасында эң керек, эң зарыл жумуш: дыйканчылык менен мал чарбасын тең кылуучу эл ортосунда дыйканчылык, мал чарбасын жөндөмөк үчүн (смешанный) кошмо-аралаш кеперетсийа түзөө керек.
Үчүнчү кыргыздын чарбасы майда кесибкерчилик. Маселен: өтүкчүлүк, темирчилик, кайыш устачылыгы (жүгөнчүлүк, өрүмчү), таар токуучулар жана башкалары. Булар аз, көбүнчө байлардын кымызы менен шорпосуна кызыгып, байдан саан ичип бекер тамакка кызыгып кылган эмгегине эч бир жарыбай жүргөндөр сансыз көп. Булар ушу баштан биригишип ар кайсы кесибкерлер өз алдынан бир-бир уюшма жасап, кеперетиб болуп, өкмөттөн жардам алып байланышпаса, булардын өнөрү артылып, байларга жем-баштык болуудан кутулмагы кыйын.
Төртүнчү чарва-мергенчилик, аңчылык, мергендер, аңчылар биригишип мергенчилик сайузун түзүп, окружной сайуздар менен байланышып, ушул сайуз аркылуу өкмөттөн мылтыктар, ошого окшош нерселер алып пайдаланып, өкмөт өз кезегинде мергенчилер сайузу аркылуу тийиштүү орунда, тийиштүү баа менен аң-терилерин жана башка нерселерин сатып алууга тырышпаса, булар айыл арасына келген кызыл кулактарга жем болуп кетмеги анык.
Аңчылык, мергенчилик кыргыз тоолорунда ар түрдүү аңдар көп болгон үчүн бул кесип өкмөт үчүн жана кесипчилердин өздөрү үчүн да зор байлыктын бири. Буга өкмөт жакшы назар салуу керек.
Кыргыздын эң негизги эң келеркиге керектүү байлыгы тоодогу ар түрдүү кендер: темир, алтын, күмүш, таш көмүр, туз ар кыл боёктор, таш кебез (???), жер май, жаңгак кени, мисте кени. Булардын бир азын гана кыргыз пайдаланып, иштеп турганы болбосо, көбү эч пайдасыз иштелбестен жатат. Ушу баштан өкмөттүн да жана калктын да эң назар салаары жаңгак, мисте, туз, боёк, жер майы кендери. Буларды пайдаланмак үчүн жумушкерлер түзүп, аларды уюштуруп, алар ортосунда жумушкерлер кемперенсийасын (конференциясын) жасамак керек.
Колдогу келерки (келечектеги) чарбаны түзөмөк үчүн ушу баштан окуучулар тайындап, тоо инженер, агроном, суу техниктер, кеператорлар даярдабасак кыргыз сарамжалы (чарбасы) алга жылбайт.
Кеперетсийа ишин жөнгө салуу, партиянын, өкмөттүн жана кошчулар уюмунун эң биринчи бурчу (башкы иши) болуу керек.
Кеперетсийа иши жолго коюлбаса, кыргыз чарбасы артта калуусуна шек жок. Ушу кездеги кыргызга түшкөн чарба салыгы жана да эгин, мал арзан болгондугунан, эгин малды сатып алуучулар аз болгон үчүн кеперетип иши кыргыз арасында толук коюлган болсо, кыргыз малын-эгинин түзүк баага сатып алып жана өкмөттөн жардамдар алып, салыктан кутулуусу шексиз эле. Кеперетсийа болбогон үчүн быйылкы чарба салыгын кыргыз көп оңойсуздук (кыйынчылык) менен бүтүрдү. Калкты кеперетсийага үндөмөк, калкты ушул жолго уюштурмакка, жаңыдан түзүлгөн кыргыз эриктүү облусунун иш башында отурган азаматтарынын жана партия, кошчу уюмунун эң чоң, эң зарыл милдети экендигин эстен чыгарбай, кечикпестен иш планын түзүү чарасына киришүүлөрү керек.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ


