Башкы бетке Коом Ак-Суусар – Ажыбек датканын ишенимдүү шериги

Ак-Суусар – Ажыбек датканын ишенимдүү шериги

0
796

Ар бир мамлекеттин жана элдин тарыхы анын урпактары үчүн өзүнүн өткөнүн, азыркысын жана келечегин олуттуу жана аң-сезимдүү түшүнүүгө мүмкүндүк берген, ата-бабаларынын улуу ысымдары менен сыймыктанууга укук берген, мекенчилдик сезимин жана өз мамлекетинин азыркысы жана келечеги үчүн жоопкерчилик сезимин тарбиялаган бай жана кызыктуу сабак болуп саналат.

Элдин улуттук аң-сезими жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоо үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жана мамлекеттин көз карандысыздыгы жана элдин эркиндиги үчүн баатырдык менен күрөшкөн көрүнүктүү инсандар жөнүндө маалыматтар чоң мааниге ээ.

Кыргыз элинин ушундай улуу уулдарынын бири Алчыкен уулу Ажыбек датка болгон. Элдик санжыра жана тарыхчы-окумуштуулардын маалыматтары боюнча Ажыбек датка болжол менен 1770-1780-жылдары Талас өрөөнүндө төрөлгөн.

Тарыхтан билгенибиздей, кыргыз уруулары, анын ичинде Талас өрөөнүндө жашаган уруулар 1823-жылдан баштап аскердик жактан күчтүү Кокон хандыгынын бийлиги жана таасири астында калган. А Кокон хандыгынын иерархиялык тепкичинде датка наамы өзгөчө орунду ээлеп, өмүр бою сакталып келген. Датканын негизги милдети сот жана диний иштер боюнча көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле хандын атына элден келип түшкөн арыздарды жана өтүнүчтөрдү кароо болгон.

Ажыбек датка Кокон хандыгынын бийлигине баш ийген, ошол эле учурда кыргыз урууларынын лидери катары баатырдык да, кайгылуу да окуяларга толгон өмүр сүргөн. Бир жагынан Ажыбек датка элин тышкы экспансиядан коргоп, көз карандысыздыгын сактоого аракет кылса, экинчи жагынан саясий ишмер жана акылман жетекчи катары бийликтин да, элдин да ишенимине, колдоосуна ээ болууга аракет кылат.

Ажыбек датканын ишенимдүү жан шериги – жубайы Ак-Суусар тууралуу баян да кызыктуу. Жаш жигит менен жаш кыздын биринчи таанышуусу абдан кызыктуу жана романтикалуу болот. Бир күнү Ажыбек баатыр өзүнүн ишенимдүү жигиттери менен жапайы каманга аңчылык кылып жүрүп, Талас дарыясынан өтүп, чытырман токойго тереңдеп кирип барып, андагы жалгыз боз үйдөн сулуу кызды көрөт. Сымбаты келишкен сулуу кыз тартынбай Ажыбек баатыр менен анын жигиттерин тосуп чыгып, боз үйгө чакырып, конокторго кыргыз меймандостугуна ылайык, сый-урмат көрсөтөт. Ажыбек баатыр бир көрүп эле жаш сулууну сүйүп калып, кыздын өз аты, атасынын аты ким экенин, бул жакка кайсы жерден келгенин сурайт. Кыз төмөндөгүдөй жооп берет:

Менин атым Ак-Суусар,
Анжияндан биз келдик,
Алладан болуп каргаша
Хан Кубатбек агама
Хандык кылган жеринде.
Хан Кубатбек өлгөн соң,
Калмактан коркуп акырын,
Качып келдик бу жерге.
Далайга сурак бербеген,
Дангал тууган Ажыбек,
Датка бар дейт бул жерде.
Мага болдуң сиз дуушар,
Хан Кубатбек жок болуп,
Качып кеткен атам бар.
Айылга кетти шол бүгүн
Алдейлеп баккан апам бар.
Бир кудайдын кылганы,
Мына ушинтип болдук зар.

Ак-Суусардын үй-бүлөсүнүн татаал тагдыры тууралуу жан эргиткен сөздөрүн уккан Ажыбек баатыр жүрөгүнүн чакырыгы менен тагдырын Ак-Суусар менен байланыштырууну чечет. Аргымактын оозун өз айылына буруп, Алакчын уруусунун кадырлуу адамдарын тез арада чогултуп, Ак-Суусардын ата-энеси менен сүйлөштүрүп, сулууну аялдыкка алат.

Табият койгон мөөнөттө Ак-Суусар сулуу көз жарып, тун уулуна Нурак деген ысым ыйгарылат. Нурактан кийин дагы бир уул төрөлүп, Кудаяр, андан кийинки кызга Ак-Каныш ысымдары берилет.

Алакчын уруусунун эли Ак-Суусарды жогору баалап, урматташкан. Анын күчтүү мүнөзүн жана рухунун туруктуулугун ачып берүү үчүн баатырдын үй-бүлөсү тууралуу айрым тарыхый фактыларды келтирейин.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоо жана чыңдоо маселесинде 1842-жылы Бүткүл элдик (Ысык-Көл) курултайды уюштуруу жана өткөрүү тагдыр чечүүчү учур болсо, анда Ажыбек датка кыргыз урууларынын башка жетекчилери менен бирге эң активдүү катышкан.

Кокон хандыгы Ысык-Көл курултайы жана анын тарыхый чечимдери жөнүндө билип, кыргыз уруулары өз алдынча мамлекет болуп биригип Кокон ханына баш ийбей калат деп коркуп, элдик курултайга активдүү катышкан кыргыз урууларынын жетекчилерин жок кылуу боюнча аскердик операцияны баштайт.

Ошентип, 1843-жылы Кокондун башкаруучусу Шералы хан Олуя-Ата шаарындагы (азыркы Тараз шаары, Казакстан) чептин коменданты Аккула бекке Ажыбек датканы өлүм жазасына тартууну буйруган. Ажыбек датканы тымызын алдашып, Олуя-Ата чебине аскер кеңешине чакырып алуу менен Шералы хандын буйругуна ылайык, ага эч кандай олуттуу айып коюлбастан өлүм жазасына тартылат, сөөгү туугандарына берилүүдөн баш тартылат.

Бардык кыргыз уруулары Кокон хандыгынын бул арамзалыгына таң калышып, Олуя-Ата чебинин коменданты Аккула бекке каршы согуш аракеттерин баштоого даяр болушат. Кыргыздар үчүн бул татаал жана кайгылуу мезгилде Ажыбек датканын уулу Нурак баатыр өз жоо-керлери менен Олуя-Ата чебинин тишине чейин куралданган күзөтчүлөрүнө каршы теңсиз согушка кирип, кокондуктарды чегинүүгө мажбурлап, атасынын сөөгүн кайтарып алат.

Кетмен-Төбө, Чаткал жана Аксы дубандарды камтыган Талас өрөөнүндөгү кыргыз урууларынын башчысы, жолдошу Ажыбек датканын кайгылуу өлүмүнө Ак-Суусар катуу кайгырат. Бирок, элдин жана өз үй-бүлөсүнүн тагдырын ойлогон ал уруу аксакалдарына жана уулдары Нурак менен Кудаярга так тапшырма берип, мамлекеттик иштерди башкарууну өз колуна алууга аргасыз болот. Ушул оор күндөрдө Талас өрөөнүндөгү кыргыз урууларынын ички саясий татаал көйгөйлөрүн жана Кокон хандыгы менен болгон мамилеге тиешелүү тышкы мүнөздөгү маселелерди чечүүдө Ак-Суусардын акылмандыгы, көөнөргүс эрки жана кайраты айкын болот.

Ак-Суусардын саясий кыраакылыгы жана эр жүрөктүүлүгү Кокон хандыгы тарабынан 1846-жылы тунгуч уулу Нуракты өлүм жазасына тартуу учурунда көрүнөт. Кокондун ханы Кудаяр анын Талас элинин арасында кадыр-баркынын өсүшүнөн коркуп, өлүм жазасына тартууну буйруган. Сүйүктүү жана баатыр уулунун укурукта асылып турганын көргөндө, Ак-Суусардын жүрөгү жарылып кете жаздайт, бирок, жеңишке жеткен душмандын алдында ал Нурактын өлүмү тагдырдын катаал эрки экенин сиңирүү үчүн, көз жаш менен ыйдын агымына туруштук бере алат.

Бул окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү акыны Анатай Өмүркановдун белгилүү поэмасында жакшы жазылган. Бул поэмадан үзүндү:

Намыска кир жолотпой
Күйүп турган чок эле,
Качырганын мындай кой,
Караганы ок эле.
Ээн капка кабланын
Түшүрүшүп капганга,
Чакырышат апасын,
Уулун даргага асканда.
«Жаш алба, – деп келинин,
Айтар сөздү мен айтам»
Көк жоргону теминген
Келет экөө азандан
Олуя-Ата калаасы
Камыштай эл кызганак,
Даргада өз баласы
Көйнөгүнөн эти ак.
Оомийин деп дубалап,
Эне айтат бул сөздү:
«Кудайга миң ырахмат,
Ушундай уул көргөздү.
Байлыгы жок жер болбойт,
Баатыры жок эл болбойт.
Элдин камын ойлогон,
Эч убакта кем болбойт.
Кудай эркек козуну,
Курмандыкка жараткан,
Теңир эркек уулду
Ушундай ишке жараткан!
Эч нерсени аябай
Бердиң элге күчүңдү.
Кагылайын балам ай,
Кечтим эмчек сүтүмдү».

Анатай акын поэмасында Нурак датканын өз жерине жана элине болгон сүйүүсүн, анын баатырдык иштерин баяндайт, адилетсиз өлүм аркылуу кыргыз элин даңктуу уулу Нурак баатырдан ажыраткан Кокон хандыгынын арамзалыгын көрсөтүп, эне акылмандыгын жана Ак-Суусардын рухунун туруктуулугун даңазалайт.

Ажыбек датка менен Ак-Суусардын кичүү уулу Кудаяр улуу агасы Нурак баатырдай эле эр жүрөк, сезимтал инсан болгон. Кыйын кырдаалда агасы Нуракка жардам берип, элдин кызыкчылыгын ойлогон. Бул Кокон хандыгына жакпайт жана көрө албастыкты жаратат. Ошондуктан Кокондун ханы потенциалдуу талапкерди саясий аренадан четтетүү чечимин кабыл алып, сүйлөшүүлөргө чакыруу менен кымызга уу куюп, Кудаярды ууландырат.

Тагдыр ошентип Ак-Суусардын жараланган жүрөгүнө дагы бир жолу оор сокку урат. Бирок, эл жана үй-бүлө үчүн жоопкерчилик ага чыдап, жашоосун улантууга күч-дем берет. Күчтүү мүнөз жана рухтун туруктуулугу ага табияттан берилип, андан ары ата-энеси жана баатыр агасы Кубатбек хан аны тарбиялаган.

Кыргыз элинин улуу инсаны, Ак-Суусардын агасы Кубатбек ханга токтоло кетсек, ал XVIII кылымдын экинчи жарымында кыргыз урууларынын башчысы жана өз доорунун эң ири аскер башчысы болгон. Кубатбек ханга Ош жана Өзгөн шаарлары менен бирге Алай жана Батыш Фергана аймактары, ошондой эле Кытайдын Кашгар шаары баш ийген. Кубатбек хан калмактарга каршы согушта чебер аскер башчы катары таанылып, кыргыз жеринин бүтүндүгү жана кыргыз элинин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөштө баатырдык менен курман болгон.

Эне даанышмандыгын, асылдыгын жана жан дүйнөсүн Ак-Суусарга көп жылдардан бери Ажыбек даткага ырчы болгон Кумар уулу Балык (Бекмурат) ырдап келет. Анын белгилүү поэтикалык саптарынан айрым үзүндүлөр:

Чалкайып жаткан Кең Талас,
Жердеген экен эр Манас,
Жериң менен аман бол.
Калба, Койлон, Күркүрөө,
Малга жакшы жер экен,
Малың менен аман бол.
Топурак Бел, Шыбак Бел,
Кызыл-Адыр, Эчкилүү,
Кыркан менен аман бол.
Кош Айыр менен Сүлөөсүн
Коштошорго тилиң жок,
Кошуң менен аман бол.

Суу сураса бал берген,
Суусар энем аман бол.
Ат сурасам төө берген,
Ажыбек атам аман бол,– деп ырдап кеткен экен.

Жаныбек ОМОРОВ,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер (Ажыбек датканын бешинчи муундагы түз урпагы)

 

Мурунку макалаТүз жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек
Кийинки макалаБазар-Коргондогу селдин кесепеттерин жоюуга 70тен ашуун куткаруучу тартылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз