Башкы бетке Рубрикасы жок Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Түркиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

0
438

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.

Мурунку макалаМинКаб башчысы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору менен жолугушту
Кийинки макалаВенгриянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз