Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастады.
Кечээ ЖМКлар маалымат булактарына шилтеме берип, президенттин болочок күйөө баласы синтетикалык баңгизат жасоо жана таратууга шектелип кармалганын жазган.
Бүгүн Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш-чарасынан кийин белгилүү болгонун билдирди.
“Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш-аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат”, — деп билдирди Алагөзов.


