Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Беларустун эмгек жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Беларустун эмгек жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

0
1286

Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, анда Кыргызстан менен Беларустун эмгекти жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы өз ара кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Жолугушууда тараптар аталган багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү үчүн КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Беларустун Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы эки тараптуу макулдашууларды жаңылоого даяр экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары, Эрбол Султанбаев менен Наталия Павлюченко алдыдагы биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбург шаарына барды
Кийинки макалаПрезидент КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз