Башкы бетке Рубрикасы жок Жогорку Кеңеште кесипкөй эмес психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңеште кесипкөй эмес психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды

0
468

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу КР Турак жай комплексинин коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мыйзам долбоорун комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева сунуштады. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарнактын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. «Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок курстар, тренингдер жана консультациялар сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөндөрдүн санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада психологиялык кызматтардын рыногу компетентсиз адистердин санына толду», — деди ал.

Белгиленгендей, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өз кызматтарын жарнамалашат. Буга байланыштуу мыйзам долбооруна жашы жете электерди жана жарандарды коргоо максатында чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Мурунку макалаБир жумада 18 миң 276 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Кийинки макалаБүгүн Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз