Башкы бетке Рубрикасы жок Дагы 2 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болду

Дагы 2 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болду

0
1345

Кошумча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында дагы 2 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлгөн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева анын жыйынтыгында эки абитуринет «алтын сертификатка» ээ болгонун министр Догдуркүл Кендирбаевага айтып берди.

Алар:

  • Абдумалик Турсунов (231) – Ош облусу, «Профессор П.К.Купуев атындагы Академиясы» мекемеси;
  • Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.

Белгиленгендей, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен «алтын сертификатка» ээ болгон.

Белгилей кетсек, 21-июнунда 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку упай эң жогорку упай 234тү түзгөн. Ал эми жогорку упай алган 56 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болгон.

Мурунку макалаКыргызстан менен Кытай 1,5 млрд. долларлык 40тан ашык документке кол койду
Кийинки макалаБишкектиктерге таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктар таратылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз