Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Кытай 1,5 млрд. долларлык 40тан ашык документке кол койду

Кыргызстан менен Кытай 1,5 млрд. долларлык 40тан ашык документке кол койду

0
1431

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында Кыргызстан жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барууну дайым улантаарын билдирди.

Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты.

Алар өз тармактары боюнча B2B форматында да жолугушууларды өткөрүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарындагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду, анын ичиндеги документтердин суммасы 1 млрд. 500 млн. доллар.

Мурунку макалаЭ.Бекболиев Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды
Кийинки макалаДагы 2 абитуриент «алтын сертификатка» ээ болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз