Башкы бетке Рубрикасы жок ЖК электрондук тамекиге байланыштуу мыйзам долбоорун II жана III окууда кабыл алды

ЖК электрондук тамекиге байланыштуу мыйзам долбоорун II жана III окууда кабыл алды

0
1158

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында электрондук тамекини сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида.

Комитеттин жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү депутаттардын мыйзам долбоору боюнча кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Мында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Шайырбек Ташиев электрондук тамекини ташып кирген жеке жактарга 150 миң сом, юридикалык жактарга 250 миң сом, ал эми аны колдонгондорго 10 миң сом айып салуу каралганын белгиледи.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов мыйзам кабыл алынса, Бажы кызматы өлкөгө электрондук тамекини алып кирүүлөрдү толук токтотууга күчү жетерин белгиледи.

Ошентип, талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору II жана III окууларда кабыл алынды.

Мурунку макала«Кыргызнефтегаз» кытайлык компания менен мунай-газ тармагында кызматташат
Кийинки макалаА.Жапаров Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз