Башкы бетке Коом Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө

Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө

0
1168

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамааты Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлой Ажыбек баатыр көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки бөлүгүндө, Абдымомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштерин баштады.

Андан ары Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы жол белгилерин жаңылоону баштоо пландалууда.

Баялинов көчөсүн бойлой Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин катуу, үзүлгөн, чекиттүү сызыктарды жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктү тартуу иштери аяктады.

Ушундай эле жумуштар Эркиндик бульвары боюнча Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.

Капиталдык оңдоодон кийин Ахунбаев көчөсүндө Малдыбаев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки жол сызыктары жаңыртылды.

Мурунку макалаОшто төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт
Кийинки макалаПрезидент карындашынын айланасындагы талкуулар боюнча комментарий берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз