Башкы бетке Коом ККМ аппараттары акысыз таратыла баштады

ККМ аппараттары акысыз таратыла баштады

0
1231
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) акысыз бере баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 миң ККМди берүү этабы менен жүргүзүлөт. «Ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген жана патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында ККМ акысыз берилүүдө», — деп жазылат маалыматта.
ККМ алуу үчүн ишкер аймактык салык органына арыз бериши керектиги белгиленди.
Мурунку макалаСадыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарын куттуктады
Кийинки макалаПрезиденттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары алмашты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз