Башкы бетке Коом Текебаев Берлиндеги советтик жоокерлердин эстелигине гүл койду

Текебаев Берлиндеги советтик жоокерлердин эстелигине гүл койду

0
2460

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Берлин шаарындагы Тиергартен жана Трептов паркында курман болгон советтик жоокерлердин эстеликтерине гүлчамбар коюу аземине катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, бул күнү элчи Өмүрбек Текебаев Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери, ошондой эле башка чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана аскер атташелери менен бирге Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлердин элесин мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчилери курман болгон советтик жоокерлерге куран окушту.

Мурунку макалаБишкекте «Ак-Кула» ипподромунун аукциону өтөт
Кийинки макалаСалык төлөөчүлөр QR-коду аркылуу тейлөөнүн сапатын баалай алышат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз