Башкы бетке Коом Бишкек мэри «Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процессин текшерди

Бишкек мэри «Мадина» базарындагы объекттерди бузуу процессин текшерди

0
1888

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуарлар курулуп, жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлса, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүү иши тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2-мартка чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда.

Мурунку макалаКыргызстанга АКШ жана Европадан туристтик поезд келди
Кийинки макалаС.Жапаров Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз