Башкы бетке Коом Тогуз-Тородо балдар үчүн реабилитациялык борбор курулат

Тогуз-Тородо балдар үчүн реабилитациялык борбор курулат

0
1314

Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар балдар үчүн жаңы реабилитациялык борбор салынат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Реабилитациялык борбор куруу район акими Манас Мураталиев тарабынан демилгеленген. Учурда курулуш долбоору даярдалып, жер бөлүнүп берилди.

Аталган реабилитациялык борбор бардык талаптарга жооп берген шартта салынат. Курулуш иштери июнь айында башталып, жыл аягында пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунда майыптыгы бар 1,5 миңдей жаран бар.

Мурунку макала«Эркин Тоонун» «Байсерке чечени» ким болгон?
Кийинки макала“Кызамыкка каршы эмдөөнү мындан ары 1 жана 2 жашында ала башташат”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз