Башкы бетке Рубрикасы жок Россияда жол кырсыгына кабылган кыргыздардын бирөөсү каза болду

Россияда жол кырсыгына кабылган кыргыздардын бирөөсү каза болду

0
406
ÄÒÏ íà Ëþñòäîðôñêîé äîðîãå â Îäåññå 26 ñåíòÿáðÿ 2008 ã.

Россияда Кыргызстандын жарандары бара жаткан унаа кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү саат 02:20 чамасында Россиянын Саратов облусунун Ершов шаары менен Озинки айылынын ортосундагы трассада катталган.

Алынган маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган Toyota Sienna унаасынын ичинде 8 кыргыз жараны болгон. Анын айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бири 27 жаштагы Т.У. ошол жерден каза болгон. Беш жаран Энгельс шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. 29 жаштагы айдоочу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган жүргүнчүлөрдүн абалы «орточо оордукта» деп бааланууда.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө, ошондой эле жабыркагандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Аталган маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Мурунку макалаЖаныш КОЧКОРОВ: «Салмактуу ырлардын өмүрү узун»
Кийинки макалаЕЭК Кеңешинин жыйынында 50 маселе каралды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз