“Бишкек-Арена” шаардык муз аянтчасында чоңдор арасында күрөш боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты уланууда.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, бүгүн мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 медаль топтому ойнотулуп, кыргызстандык 5 балбан килем үстүнө чыгат. Алар:
– Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
– Канат Керимбеков (74 кг);
– Атай Изабеков (86 кг)
– Нуртилек Карыпбаев (92 кг);
– Айаал Лазарев (125 кг).
Беттештер саат 11:00 дө башталат.


