Башкы бетке Рубрикасы жок Өлкөдө кызамык менен ооругандар 7,8 миңден ашты

Өлкөдө кызамык менен ооругандар 7,8 миңден ашты

0
1539

Кыргызстанда 8-апрелге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда 1 196, Ысык-Көл облусунда 130, Талас облусунда 105 жана Нарын облусунда 94 учур катталган.

“Мурдагыдай эле оору Бишкек шаарында, Чүй, ошондой эле Жалал-Абад облустарында жайылып жатат. Бул аймактарда оорулуу адамдардан вирусту жуктуруп алчу адамдар көп экени мына ушундай көрсөткүчкө себеп болууда”, – деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаАзия чемпионаты-2024: Беш балбаныбыз килем үстүнө чыгат
Кийинки макалаА.Жапаров Корумду – Балбай жолунун курулушунун башталышы менен таанышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз