Башкы бетке Илим К.Ташиев Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясына барды

К.Ташиев Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясына барды

0
1591

Кечээ, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясына барды. Бул тууралуу КФБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Визиттин жүрүшүндө КФБ жетекчиси академиянын тарбиялануучуларынын машыгуу процессин көрүп, алардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты.

Академия жүргүзгөн атайын селекциондук ишмердүүлүктүн алкагында, жакында африкалык өлкөлөрдөн ар кандай курактагы жаш оюнчулар келген. Алардын арасындагы эң мыктылары, тандоонун жыйынтыгы боюнча академия тарбиялануучуларынын катарын толуктайт.

КФБ президенти бул жаш футболчулар менен таанышып, аларга ийгилик каалады.

Мурунку макалаБир жумада 19 мас айдоочу кармалган
Кийинки макалаАзербайжандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз