Башкы бетке Дүйнө Түркиянын Стамбулунда чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын Стамбулунда чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алды

0
1545

Түркиянын Стамбулунда чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алды. Өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Өрт шаардын Бешикташ районундагы 16 кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы түнкү клубдан чыккан. Ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатканы, кардарлар үчүн жабык болгонун TRT Haber кабарлады.

Бул боюнча иликтөө башталып, 8 адам кармалды. Азырынча кырсыктын себеби аныктала элек.

Мурунку макалаАк-Кула ат майданынын жер тилкеси аукционго коюлат
Кийинки макалаАлымкадыр Бейшеналиевдин ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз