Башкы бетке Коом Кыргызстан кен иштетүүдө Малайзиядан инвестиция тартууга кызыкдар

Кыргызстан кен иштетүүдө Малайзиядан инвестиция тартууга кызыкдар

0
1282

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында малайзиялык Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Public Gold — Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды сатат жана чыгарат.

Кулубаев менен аталган компаниянын өкүлдөрү жолугушуу учурунда Кыргызстанда алтын буюмдарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кыргыз компаниялары менен кызматташууну түзүү маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Public Gold компаниясынын бул багыттагы чоң потенциалын белгилеп, Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Мурунку макалаРоссия КР жарандары үчүн виза режимин киргизиши мүмкүнбү?
Кийинки макала Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз