Башкы бетке Коом “Крокус ситинин” дагы бир каарманы – Белек

“Крокус ситинин” дагы бир каарманы – Белек

0
870

“Крокус ситидеги” теракт учурунда элди имараттан сыртка чыгарууга дагы бир кыргызстандык жигит жардам бергени белгилүү болду. Ал – 17 жаштагы Белек Каныбеков.

Белек Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Кийин ата-энеси менен Москвага көчүп келишкен. 15 жылдан бери ошол жакта жашайт, учурда колледждердин биринде билим алат. Сабактан кийин “Крокус сити холлдо” гардеробдо иштечү. Окуя болгон күнү, гардеробго чогулган элдерди кызматтык эшиктен чыгарып андан соң, “Крокус ситинин” жанындагы “Вегас” имаратында иштеген карындашын алып үйүнө барган. Апасы Айгүл Шамшидинованын айтымында, уулу үйгө нес абалында келген. Ал эми дарыгерлер Белектин катуу коркуп калганын жана бир аз иске ууланып калганын айтышкан.

Мурунку макалаҮмүт КЕЛДИБАЕВА:«Сыртта жүрүп көрбөгөнүм калган жок»
Кийинки макалаРайкомду сабаган Асанкул, уй минген Райкан

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз