Башкы бетке Коом Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады

Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады

0
56

Кыргызстанда дарыгерлер жүрөк кемтигин жасалма интеллект менен аныктай баштады.

Жаңы ыкманы кыргызстандык илимпоздор ойлоп тапкан. Аны менен жүрөк жетишсиздигин 2 мүнөттө аныктаса болот. Буга телефон менен чакан медициналык аппарат жетиштүү.

“Аппарат бейтапты текшерип, телефондогу жасалма интеллект аркылуу дарыгерге маалымат берет. Андан жүрөк жетишсиздиги бар-жогун билебиз”, — деди медицина илимдеринин доктору Ишенбай Молдоташев “Биринчи радиого” берген маегинде.

Ал мындай ыкма менен Кыргызстан калкынын саламаттыгын 6 айда текшерип койсо болорун, коюлган диагноздордун 85%ы туура чыгып жатканын кошумчалады.

Мурунку макала«Санарип кампа” билим берүү платформасы иштей баштады
Кийинки макалаКазакстандын президенти Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз