Башкы бетке Рубрикасы жок Адылбек Касымалиев Корея элчилигинин кырсыкка байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Адылбек Касымалиев Корея элчилигинин кырсыкка байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

0
25

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 29-декабрда Муан аэропортунда учактын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктары менен коштолгон трагедиялуу кырсыкка байланыштуу ачылган атайын китепке көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

Анда Адылбек Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Корея өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

“Ушул оор күндөрдө Кыргызстан Корея элине чын жүрөктөн колдоо жана тилектештигин билдирет”, – деп жазды Касымалиев.

Ошондой эле бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишине тилектештигин билдирди.

Мурунку макала«Кыргыз өзүн табияттын бир бөлүгү деп эсептеген»…
Кийинки макала610 миллион сомдук мүлк мамлекеттик менчикке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз