Башкы бетке Коом ОСАГО полиси жокторго айып салуу жарым жылга жылдырылды

ОСАГО полиси жокторго айып салуу жарым жылга жылдырылды

0
79

ОСАГО полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. 

Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште өлкөдө катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын айткан.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн. 600 миң автоунаа каттоодон өткөн болсо, алардын 108,6 миңи гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.

Мурунку макала31-декабрда «Ала-Тоо» аянтында бишкектиктерге жаңы жылдык концерт тартууланат
Кийинки макалаАКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жашында каза болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз