Башкы бетке Министрлер кабинети Мурдагы министр Султан Урманаев кармалды

Мурдагы министр Султан Урманаев кармалды

0
174

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Султан Урманаев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 млн. сомду түзөт.

Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүд

Мурунку макалаБишкекте заманбап төрөт үйү салынат
Кийинки макалаБаткенде 6 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз