Башкы бетке Илим Жоэл Кожо Кыргызстанда жылдын мыкты футболчусу деп аныкталды

Жоэл Кожо Кыргызстанда жылдын мыкты футболчусу деп аныкталды

0
184

Кыргызстандын футбол союзу 2024-жылдын мыкты спортчуларына сыйлыктарды тапшырды. Кечээ кечинде Бишкекте эң мыкты KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Жалпысынан 12 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Кожо Жоел менен Айжан Боронбекова 2024-жылдын мыкты футболчулары деп табылды.

KFS билдиргендей, Кожо Жоел менен Ислом Ахмедовдун ар бири 500 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

KFU Football Awards лауреаттарынын тизмеси

мыкты футболчу — Кожо Жоэл;

мыкты футболчу — Айжан Боронбекова;

мыкты жаш футболчу — Эрмек Кенжебаев;

мыкты футзалчы — Кайрат Кубанычов;

мыкты футбол машыктыруучусу — Ислом Ахмедов;

аялдардын футбол боюнча мыкты машыктыруучусу — Гүлбара Уматалиева;

футзал боюнча мыкты машыктыруучу — Мирланбек Абдыкадыров;

мыкты футбол калысы — Вероника Бернацкая;

футзал боюнча мыкты калыс — Талантбек Раимбердиев;

мыкты футболдук клуб — «Абдыш-Ата»;

мыкты аймактык уюм — Жалал-Абад областынын футбол ассоциациясы;

мыкты спорттук уюм Барселона футбол академиясы болуп саналат.

Жоэл Кожо Кыргызстанда жылдын мыкты футболчусу деп аныкталды.

Чабуулчу быйыл футбол боюнча улуттук кураманын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо раундунда мыкты оюндарды көрсөтө алды. Ал өзбекстандык “Динамо Самаркандда” ойноп, жакында ирандык клубга өтүшү күтүлүүдө.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө эки браконьер кармалды
Кийинки макалаЖыл башынан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 акысыз операция ийгиликтүү жасалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз